Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 24
Ак-Турпак айыл аймагындагы Күрүчтү кайра иштетүү комплексин убактылуу пайдаланууга жана ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 катынын негизинде билдирүүнү угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Жаңы-Жер айылына күрүчтү кайра иштетүү комплекси уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтуу коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. Күрүчтү кайра иштетүү комплексин бизнес-өнөктөшкө убактылуу пайдаланууга жана ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Маканбаевге жана көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.И.Коргонбаеге тапшырылсын.
Төрага | А. Имаров |