Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 25
Жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө
Суу чарбасынын объектилерин куруу боюнча дирекциясынын директору И.А.Джолдошалиевдин Ак-Турпак айыл өкмөтүнө 2024-жылдын 26-мартындагы №09-70 сандуу чыгыш катындагы маселелер боюнча маалыматты угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Суу чарбасынын объектилерин куруу боюнча дирекциясынын директору И.А.Джолдошалиевдин Ак-Турпак айыл өкмөтүнө 2024-жылдын 26-мартындагы №09-70 сандуу чыгыш каты көңүлгө алынсын жана 2017-2026-жылдарга КР нын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын тизмесине кирген “Кадамжай районунун Бүргөндү массивиндеги жерлерди өздөштүрүү (2-кезек)” объектисинин курулушуна керектүү жер тилкелери убактылуу пайдаланууга 42,4 га, биротоло 45,5 га, жалпы 87,9 га жер аянттары бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |