ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 08-августундагы № 25/6
Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн жумушчулары жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп, жергиликтүү бюджетти туура пайдалануу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-35-39-беренесине ылайык Чүй айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн өндүрүштүк муктаждыгына байланыштуу :
- Турмуш-тиричилик бөлүмүнүн жумушчулары (9 штаттык бирдик) Чүй айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен чыгарылып, келишим түрүндө иштөө тартибине өткөрүлсүн;
- Турмуш-тиричилик бөлүмүнө айдоочунун 1 (бир) жумуш орду түзүлсүн.
- Жумушчулардын айлык-акылары, иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.А.Алиев |