ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 08-августундагы № 25/7
Чүй айыл өкмөтүнүн жамааттык келишимине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 41-43-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жамааттык келишим” жөнүнүндөгү 164-мыйзамынын 3-13-беренелерине ылайык, кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн социалдык-эмгектик кызыкчылыктарын макулдашууда жамааттык келишимге көмөк көрсөтүү максатында жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Чүй айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын алып баруучусуна 2023-жылдын 8-августунан 2024-жылдын 1-мартына чейин чейин ай сайын кошумча компенсация 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө тамактануусуна, жол киресине, турмуш-тиричилик төлөмдөрүнө Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишим жөнүндөгү» мыйзамынын 12-13-беренесине ылайык бекитилсин.
2. Жамааттык келишимге өзгөртүү киргизүү Чүй айыл өкмөтүнүн профсоюз төрайымы Б.Усубалиевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.А.Алиев |