Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 26
Жайыт бирикмесин жоюу жөнүндө
"Ак-Турпак" муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековдун АТР (административдик-аймактык реформа) жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу жайыттарды жоюу тууралуу кайрылуусун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Жайыт бирикмеси "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасына бириктирилип жаткандыктан, жайыт бирикмесинин жыйыны өткөрүлүп, өзүн өзү жоюу тууралуу протоколу тиркелгенден кийин, жайыт бирикмесин жоюуга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Имаров |