Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 27
Бүргөндү СПАнын балансындагы объектилерди, ички чарбаларды Райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207-токтомун аткарууга алуу максатында Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207-токтому аткарууга алынсын.
2. Бүргөндү СПАнын балансындагы объектилерди, ички чарбаларды Райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча тийешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы СПАнын башчысы С.Акматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Имаров |