Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 28
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл аймагындагы айылдарда келечекте ишке ашырылуучу иштерди аткарууда кошумча каржы булактарын тартуу максатында Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагында жаңыдан курула турган жана оңдоп түзөөнү талап кылган социалдык объектилердин долбоорлору Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилип, өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго макулдук берилсин.
2. Долбоорлорду даярдап, ишке ашырууда тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Имаров |