Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 31
“Торговый” базарына жакын жерден сейил бак жана авто унаа токтоочу жай куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
“Мурзакарим” ЖЧКнун директору М.Ботобековдун кайрылуусун эске алып, перспективалуу пландарды ишке ашыруу максатында, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Торговый” базарына жакын жерден сейил бак жана авто унаа токтоочу жай куруу үчүн 10 (он) га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |