ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-майындагы № 24/5
Чүй айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” №54 -Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39 - беренелеринин негизинде Чүй айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Чүй айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” атайын жобо бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына жана жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Чүй айылдык кенешинин төрагасы |
| Р.А.Алиев |
|
| Чүй айылдык кеңешинин төрагасы Р.А.Алиев________ “12”май 2023-ж. |
Чүй айыл өкмөтүнүн Чүй, Садовое, Арал айылдарында жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун , кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
6. Жергиликтүү комиссия
7. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндөгү” №54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыккан, жергиликтүү жамааттын жыйындарында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты Чүй айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын ирээтке келтирүү, алады өткөрүүдө убаракерчиликке, маркум ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого жол бербөөгө жана ата салтына жат, терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле элибиздин нукура салт-санаасына жана ырым-жырымдарын кеңири прогандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун , кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен, курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлерден, аялдар жана жаштар уюмдарынан, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн маалыматтык тактыларга илинет, айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып, жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кенештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүу кеңештин токтому белгиленген тартипте массалык маалымат каржаттарына жарыяланат.
2.4. Жобо тууралуу маалымат кызыкдар жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш тарабынан тоскоолдуксуз тааныштырылат
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, маареке салтанаттары ж.б. тойлор кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Маркумду эскерүү үрп-адаттарын (акыркы сапарга узатуу, үчилик, жетилик, кыркылык, жылдык) өткөрүүдө мал союуга болбойт (тыюу салынат).
4.2. Маркумду эскерүү үрп-адаттары мал союну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнү мирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук комиссия жана жергиликтүү комиссия кирет.
6. Жергиликтүү комиссия
6.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө, аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксаклдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
6.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү үрп-адаттары өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, маркум ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл кылат, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара ( анын ичинде коомдук уяткаруу) көрөт.
7. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Чүй айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (жергиликтүү курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптардын төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
| С.Таалайбеков |