Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 12-майындагы № 24/4

 

«Чүй айыл өкмөтүнүн 2024-2026 – жылдарга божомол сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү тууралуу»

 

Чүй айылдык Кеңешинин каржы–экономика жана бюджет комитетинин протоколун карап чыгып жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын А.Малдыбаеванын 2024-2026–жылдарга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралуу маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34–беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-2026 - жылдарга Чүй айыл өкмөтүнүн божомол СЭӨП аткаруу иштери Чүй айылдык кеңешинин отурумунда бекитилсин.

 

2. Чүй айыл өкмөтүнүн 2024-жылга божомол жалпы киреше жана чыгаша бѳлүмүнүн суммасы 60624,7 миң сомго бекитилсин.Анын ичинен:

- жергиликтүү бюджетинин эсебинен – 53858,9 миң сом;

- атайын каражаттар эсебинен – 6765,8 миң сом.

 

3. Чүй айыл өкмөтүнүн 2025-жылга божомол жалпы киреше жана чыгаша бөлүмүнүн суммасы – 67196,7 мин сомго бекитилсин.Анын ичинен:

- жергиликтүү бюджетинин эсебинен – 60430,9 мин сом;

- атайын каражаттар эсебинен – 6765,8 мин сом.

 

4. Чүй айыл өкмөтүнүн 2026-жылга божомол жалпы киреше жана чыгаша бөлүмүнүн суммасы – 72226,7 мин сомго бекитилсин. Анын ичинен:

- жергиликтүү бюджетинин эсебинен – 65460,9 мин сом;

- атайын каражаттар эсебинен – 6765,8 мин сом.

 

5. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага, Чүй айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р.А.Алиев