Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН 1 –ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 1 СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 29-ноябрындагы №5
Алтын-Арашан айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги айыл чарба категориясынын сугат айдоо түрүндөгү жалпы аянты 37,79 га, жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жерлери жана башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетов, “Каракол” эл аралык аэропотунун учуп конуу тилкесин кенейтүүмаксатында Ак-Суу районунун Алтын-Арашан айыл аймагында жайгашканмамлекеттик менчиктеги айыл чарба категориясындагы №57,61,64,72,63,75,76,83- контурлардан жалпы 37,79 га сугат айдоо жер тилкелерин “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которууга даярдалган материалдарды карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 19-мартындагы No169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу Жобонун 16 пунктуна ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын айыл чарба категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына өзгөртүп берүү боюнча ооз эки кайрылуусун карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кенешитоктом кылат:
1. Алтын-Арашан айыл аймагынын Октябрь айылында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги айыл чарба категориясындагы №57-контурдан 5,32 га, №61- контурдан -11,1 га, №64-контурдан 4,12 га, №62-контурдан 0,28 га, №72-контурдан 7,0 га, №63- контурдан 0,81 га, №75-контурдан 0,94 га, №76-контурдан 1,85 га, No83-контурдан 6,37 га, жалпы 37,79 га сугат айдоо жер тилкелерин “Каракол” эл аралык аэропотунун учуп конуу тилкесин кенейтүү максатында “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин. .
2. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулетовго иш кагаздарын бүтүрүү жагы милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышы хана көзөмөлдөө жагы Алтын-Арашан жергиликтүү кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы А.Осмоналевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев