Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябры №5
“Каргалык айыл аймагынан “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” делегаттарын шайлоого карата өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча иш-чараларын уюштуруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрь №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7 - декабрь күнү саат 10: 00дө Казарман айылындагы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жыйындар залында өткөрүлсүн.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү үчүн айыл аймак боюнча төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн; Казарман айылы, Чет-Булак-Макмал,Табылгыты жана Кара- Суу айылы.
3. Каргалык айыл аймагы боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн жалпы саны 100 (бир жүз) адам деп бекитилсин жана аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн;
- Казарман айылы боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны - 50 адам;
- Чет-Булак, Макмал айылдары боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны - 15 адам;
- Кара-Суу айылы - 20 адам;
- Табылгыты айыллы боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны - 15 адам;
4. Ар бир аймактык бөлүктөрүндө Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин;
5. Табылгыты айылында 2024 - жылдын 5 - декабрь күнү саат 10:00 дө №9 Э.Касымалиев атындагы орто мектебинин имаратында.
6. Кара - Суу айылында 2024 - жылдын 5- декабрь күнү саат 14:00 дө Кара - Суу айыл өкмөтүнүн имаратында.
7. Чет-Булак айылында 2024-жылдын 4 - декабрь күнү саат 10:00дө Маданият үйүнүн имаратында.
8. Казарман айылында 2024-жылдын 4 - декабрь күнү саат 14:00дө Каргалык айыл өкмөтүнүн имаратында.
9. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин;
- Мажитова Миргүл - Чет-Булак айылы боюнча,
- Курманбаева Индира Акматовна - Казарман айылы боюнча,
- Өмүракунов Сапаралы Карыпбекович - Кара-Суу айылы боюнча,
- Ысманов Жумабек Айтнамасович - Табылгыты айылы боюнча.
10. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамынын саны 7 (жети) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн;
- Токтоболотов Таалайбек Иманович жумушчу топтун төрагасы, айылдык кеңешинин төрагасы,
- Токталиева Миргүл Жанышовна - жумушчу топтун катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы,
- Абдыманбетов Арафат Аканович - жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи,
- Ясынов Шабдан Болотович - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты ,
- Жумагүл Бекчоро кызы - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты ,
- Эпээва Винара Молдожумаевна - Аялдар кеңешинин төрайымы,
- Карагулов Жумамидин Жакыпович - Карыялар кеңешинин төрагасы.
11. 2024-жылдын 4-декабрына чейин өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жамааттардын жыйындарынын, жыйналыштарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн анкеталарын чогултуп жалпылоо жагы өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топко милдеттендирилсин.
12. 2024-жылдын 5-декабрына чейин өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой эле өкүлчүлүктүү жыйындын күн тартибинин жана өткөрүү тартибинин долбоорлорун даярдоо өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
13. 2024-жылдын 7-декабрында өтүүчү Өкүлчүлүктүү жыйындардын Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкеталарды Уюштуруу комитетине жөнөтүү жагы Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобуна милдеттендирилсин.
14. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
15. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |