Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 27-ноябры №1
“Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын ) кезектеги I уюштуруу сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Токтоболотов Таалайбек Иманович Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |