КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 27-ноябры №3
“Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын түзүмүн жана курамын бекитүү жөнүндө”
Айылдык кеңешинин Регламентинин 2- бөлүмүнүн 2.1- пунктун жетекчиликке алып, бул боюнча айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап,
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын ) кезектеги
I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Каргалык айылдык кеңешинин алдында төрт туруктуу комиссия түзүлсүн:
- Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы;
- Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы;
- Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы;
- Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясы бекитилсин.
II. Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы жана төрагалар, анын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.
III. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И. Токтоболотов |
| Бекитем Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы ______________Т.И.Токтоболотов Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын № 3 - токтомуна тиркеме 27 - ноябрь 2024-жыл |
Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы
жана төрагалар, анын орун басарларын бекитүү жөнүндө
- Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 5 депутаттан түзүлсүн:
- Комиссиянын төрагалыгына - № 4 Жаңыбаева шайлоо округунан шайланган депутат Атыканов Анарбек Кадыкеевич шайлансын.
- Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - № 5 Кара-Суу,Табылгыты шайлоо округунан шайланган депутат Эпээва Винара Молдожумаевна шайлансын.
- Комиссиянын мүчөлөрүнө: Казыбеков Элетбай Атырбекович №3 Аэропорт шайлоо огругунан, Касымбеков Алтынбек Суранчиевич №4 Жаңыбаева шайлоо округунан, Ысманов Жумабек Айтнамасович № 5 Кара-Суу,Табылгыты шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.
- Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 4 депутаттан түзүлсүн:
- Комиссиянын төрагалыгына- №2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Жолокеев Нурадил Турсунбекович шайлансын.
- Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - №2 Казарман ш/о шайланган депутат Залкарбек Жаныбекович шайлангансын.
- Комиссиянын мүчөлөрүнө: № 5 Кара-Суу,Табылгыты ш/ о шайланган депутат Өмүракунов Сапаралы Карыпбекович шайлансын, Рахат уулу Адилет №3 Аэропорт ш/о шайланган депутаттар бекитилсин.
- Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 5 депутаттан түзүлсүн:
- Комиссиянын төрагалыгына - №3 Аэропорт шайлоо округунан шайланган депутат Атамкулова Назгүл Токтоналиевна шайлансын.
- Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - №3 Аэропорт ш/о шайланган депутат Токтоболотова Назгүл Рысбековна шайлансын.
- Комиссиянын мүчөлөрүнө: - Мамбеталиева Нургүл Койчуевна № 4 Жаңыбаева шайлоо округунан, Мажитова Миргүл округунан №1Чет-Булак ш/о , Жумагүл Бекчоро кызы №4 Жаңыбаева шайлоо ш/о шайланган депутаттар бекитилсин.
- Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 7 депутаттан түзүлсүн:
- Комиссиянын төрагалыгына - №2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Ясынов Шабдан Болотович шайлансын .
- Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - №3 Аэропорт ш/о шайланган депутат Арун уулу Бакыт шайлансын.
- Комиссиянын мүчөлөрүнө: Сыргак уулу Шааисмаил №1 Чет- Булак ш/о, Аскарбекова Гулнура Чолпонбековна №5 Кара-Суу,Табылгыты ш/о, Мамбеталиева Рада Рысалиевна №2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: | М.Токталиева |