Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 35
Миң-Чынар айылынын ички жолдоруна асфальт төшөө боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо жөнүндө
Миң-Чынар айылынын ички жолдоруна элдин салымы жана айыл өкмөтүнүн өздүк салымы менен асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлүп жаткандыктан айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Миң-Чынар айылынын айыл башчысы А.Дыхановдун кайрылуусун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Миң-Чынар айылына асфальт төшөө боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Осмоновага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |