Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 94
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышына жүргүзүлгөн ишмердүүлүгүнө шаардык Кеңештин төрагасынын отчётун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышына жүргүзүлгөн ишмердүүлүгүнө шаардык Кеңештин төрагасынын отчёту кабыл алынсын (отчёту тиркелет)
2.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин экономика, бюджет, инвестиция жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Таиповго/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VII
чакырылышынын кезектеги XXVIII
сессиясынын №_ 94 токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана шаардык Кеңештин төрагасынын 7 чакырылыш үчүн ишмердүүлүгүнө отчёту.
Урматтуу депутаттар жана бүгүнкү сессиянын катышуучулары!
Сиздердин назарыңыздарга Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышында жүргүзүлгөн ишмердүүлүгү жөнүндө отчётумду алып чыгууга уруксат этиңиздер!
Жалпы ишмердүүлүк:
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттардын ишмерүүлүгүнүн үчүнчү жылы жыйынтыкталды.
Шаардык Кеңеш КРнын нормативдик актыларына жана Регламентине ылайык ар бир жыл үчүн иш план бекитет. Иш планга КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамында жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдарга берилген жергиликтүү маанидеги маселелер толугу менен камтылып, киргизилет. Иш планга ылайык 2023-жыл ичинде 26 пландуу кезектүү, 2 кезексиз сессия өтүлүп, 335 токтом кабыл алынган. Кабыл алынган токтомдор негизинен укуктук ченемдик актыларга ылайык, Баткен шаарынын ар тараптуу өсүп өнүгүүсүнө, инфраструктурасын жакшыртууга, билим берүүгө, маданиятты жакшыртууга, ички транспортту камсыздоого, коммуналдык чарбалардын техникалык базасын чыңдоого, ичүүчү таза суу менен шаар калкын камсыз кылууга, жалпы пайдалануудагы коомдук жайларды жакшыртууга жана жарыктандырууга, жаштарды жана спортчуларды колдоого, калкытын мүмкүнчүлүгү чектелген катмарын колдоого алуу жана массалык маданий иш чараларды өткөрүүгө жалпылап айтканда жергиликтүү маанидеги 24 маселелерди чечүүгө арналган. Аларды тармактарга бөлө турган болсок:
Шаардык Кеңештин ченем жаратуу иши:
Шаардык Кеңештин кабыл алынган токтомдору КР 2009-жылдын 20-июльдагы “КР ченемдик укутук актылары жөнүндө” № 241 Мыйзамына жана шаардык Кеңештин Регламентине ылайык, нормативдик актыларын каттоого алуу жол-жобосу жасалат. Жобого ылайык сессия өткөн күндөн тартып 10 жумушчу күн аралыгында сессиянын протоколдору даярдалып, токтомдор төрага тарабынан бекитилгенден кийин шаар калкына расмий сайт аркылуу жарыяланып, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилет. Юстицияга кагаз түрүндө 2 нускамада жана электрондук вариантта каттоого жөнөтүлөт.
Токтомдор КР нормативдик актыларында көрсөтүлгөн тартипте жана стилде жазылып даярдалат. Токтомдор негизинен шаарды социалдык жактан өсүп өнүктүрүүгө багытталат: өнүгүү программалары, иш пландар жана иш чараларды бекитүүгө, муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу жана башкарууга, жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүүгө жана аткарууга арналган.
Шаарды өнүктүрүүгө багытталган программа, иш –чаралардан сырткары, шаардын жергиликтүү жамаатынын курултайын өткөрүү жана элдик курултайга делегат шайлоосун уюштуруп, шаардын активдери менен жер-жерлерде жолугушууларды уюштурдук. Бул жолугушууларда жер-жерлердеги, негизги көйгөйлөрдөн сырт болуп жаткан көйгөйлөр менен да таанышып, иш чаралар түзүлдү. Көйгөйлөрдүн, жыл ичинде аткарууга тийиш болгон орчундууларын 2024-жылдын иш-чараларына киргизүүгө аракет жасадык.
Шаардык Кеңештин кабыл алган чечимдери, уюштуруу иштери расмий сайтта, социалдык түйүндөрдө, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып калкка жеткирилип келет. Расмий сайтта сессиялардын чечимдери, Кеңештин иши жөнүндө Жобо, отчёттор, Регламент, иш пландар, Баткен шаарынын Ардактуу атуулдары, шаардык Кенештин депутаттары чакырылыштары менен жайгаштырылган. 2025-жылдан баштап Баткен шаарынын Жаш Кеменгери наамынын ээлерине да бир баракча, шаардын өзүнүн гербинин, желектеринин авторлорун кошо жайгаштыруу пландалган. Мындан ары, шаардык Кеңештин 1чакырылышынан 7 чакырылышына чейинки аралыкта Кеңеш тарабынан жүргүзүлүп келген иш чараларды, сессиялардын жүрүшүн атайын экрандан ролик катары берип туруу жагы колго алынып даярдалып жатат.
Баткен шаардык Кеңешиниин чакырылышында 31 депутаттан жана аппараттык кызматкерлерден турат. 31 депутаттын чакырылыш башынан бери карай 13 депутатыбыз өз каалоосу менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазышып, алардын орду толукталып турулду.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги максаты-ар бир Баткен шаарынын тургунун жашоо деңгээлин көтөрүү жана сапатын жакшыртуу. Шаардык Кеңештин депутаттары шаардын аймагында иштеп жаткан турмуш-тиричилик обьектилердин ишинде туруктуулукту, жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бардык зарыл чараларды көрдү.
Шаар аймагында балдардын келечегине кам көрүүдө, балдарыбызга стимул берүү менен алардын жасаган алга умтулуусун колдоп даңазалоо максатында, шаардык Кеңештин төрагасы катары демилге көтөрүп бүтүрүүчү класстардын мындан аркы билимин өркүндөтүү кадамына кошкон салым катары 9-11-класстардын окуу жылында жетишкен ийгиликтерин балоо максатында Баткен шаарынын “Жаш Кеменгери” наамын ыйгаруу сыйлыгын кабыл алдык, бул өзгөчө сыйлык катары баалап кетким келет.
Атап айтканда шаардын келечекте илим-билимдүү жаштардын тарбиялануусуна колдоо көрсөтүү максатында “Баткен шаарынын Жаш Кеменгери” наамын ыйгаруу жобосу кабыл алынып, бул наам жыл сайын шаардык мектептерден орто билим алган, бүтүрүүчүлөр арасында жүргүзүлөөрү аныкталган. Бул жобого ылайык “Жаш Кеменгери” наамы биринчи жолу ыйгарылып, шаардык окуучулар арасында, кызуу шыктандырууну жаратты. Ушундай эле, шаардын символикаларын жаңылоо ниетибиз да ишке ашып, шаардын Гимнин, гербин жана желегин кабыл алдык.
Символикаларыбызды заман талабына ылайык жасап, кабыл алышыбыз да бул тарыхый өзгөчөлүк болуп калат деген ишеничтемин.
Бүгүнкү күндө шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып, биз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын да, шаардык Кеңештин төрагасынын да ишине түздөн-түз баа бере алабыз. Биз ошондой эле шаардын аткаруу бийлиги менен бирге канчалык үзгүлтүксүз жана кесипкөй иштеп жатканын баалайбыз, анткени биздин жарандардын жыргалчылыгы гана эмес, шаардын өзүнүн көрүнүшү жана бакубаттуулугу, анын инфраструктурасынын өнүгүшү, инвестициялык жана туристтик жагымдуулугу ал эми жумуш орундары пайда болушу бул биздин ишмердүүлүккө байланыштуу.
Туруктуу депутаттык комиссиялардын ишин талдап, алардын отчётторун карап чыккандан кийин Кеңештин оперативдүүлүгү жөнүндө ишенимдүүлүк менен айтууга болот. Чындыгында шаардын аткаруу органдарынын бир дагы сунушу көңүл сыртында калган жок, шаарды өнүктүрүүнүн ишине керектүү чечимдерди тез арада кабыл алуу үчүн сессиянын отурумуна чейин эле комиссиялардын кезексиз жыйындарын өткөрүү зарыл болду. Депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укутарын ишке ашырууга, аларды зарыл маалыматтар менен камсыз кылууга, жарандарды кабыл алууну уюштурууга, шайлоочулардын, эмгек жамааттарын жана коомдук уюмдардын алдында отчётторду жүргүзүүгө жардам берүү жагынан шайлоочулардын добуш берүү мезгилинде айтылган сунуштарын жана сын-пикирлерин турмушка ашыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Баяндамалар, ошондой эле Кеңештин сессиясында депутаттар айтылган сунуштар жана сын-пикирлер менен кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт.
Шаардык Кеңештин ишин уюштуруу үчүн;
Баткен шаардык Кеңешинин аппараты 2011-жылдын 5-августундагы №452 “Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттрынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 1 саясый муниципалдык кызмат оруну (төрага), 3 штат бирдиги кармалып келип 2024-жылдын 7-февралында №52 КР Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Шаардык Кеңештин 2 штат бирдиги кыскарууга барды. Бул кыскарган штат орунуна ушул эле токтом менен 2 тейлөөчү кызматкер штат бирдиктерин кармат, бүгүнкү күндө шаардык Кеңештин 2 муниципалдык кызматкери, 2 тейлөөчү кызматкерлери эмгектенип жатышат.
Шаардык Кеңештин ишмердүүлүгү “Санариптештирүүгө” 2021-жылдын январь айынан баштап өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө кирүү жана чыгуу каттары, кадр кызматынын “E” кызматы 2021-жылдан бери карай жүргүзүлүп келет. 2023-жылдын январь айынан баштап шаардык Кеңештин кабыл алган токтомдору, өндүрүштүк буйруктар, иш сапары, буйруктары толугу менен электрондук жүргүзүүгө өткөрүлдү.
Кеңештин аппаратынын кызматкерлери башка шаардык кеңештердин кызматкерлери менен Жогорку Кеңештин адистери, Кеңештердин иштерин координациялаган агенттиктер менен иш алып барышат.
Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун мамлекеттик жана коомдук органдары, эмгек жамааттары, коомдук уюмдар, ишканалар (бирикмелер), уюмдар, мекемелер жана жарандар менен бирдикте, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык эл аралык мамилелерде Кеңештин атынан чыгып, 2023-жылы шаардык Кеңештин депутаттарынын активдүү интерноцианалдык иш-аракети улантылды.
Төрага А.Аширов