Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 5-июну №13/1
Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт болуп түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатынын максатын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктусуна жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбекдун 29.05.2024-жылдагы №02-20/109 сандуу катын карапжана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексизсессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт болуп түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаты, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында 1 (бир) Howo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу атайын техникасын жана 1 (бир) Фронталдык погрузчик сатып алуу үчүн жумшалсын.
2. Жерге-Тал айыл өкмөт башчысына жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчисине Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын материалдык жана техникалык базасын чындоо боюнча бизнес-план иштеп чыгуу жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |