Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 95
“Баткен шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпылоо отчётун” кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылдын 11сентябрындагы №01-54 сунуш катынын, жыйынтыктоочу отчётунун жана Баткен шаардык Кеңешинин экономика, финансы, инвестиция жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 12-сентябрындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы Токтом кылат:
1. “Баткен шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпылоо отчёту” аткарууга алынсын:
-Аудиттин жыйынтыгында белгиленген каржы жана башка бузууларды тез арада жоюу жана кемчиликтерди кетиргендиги үчүн Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен Таза суу” МИ жетекчисине З.Олжоев, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы А.Акматовго, ”Баткен-Тазалык” МИ жетекчиси Ч.Мурадалиевге чара көрүү жагы Баткен шаарынын мэри И.Буркановго сунушталсын.
-Кетирилген кемчиликтердин жоюлгандыгы жана кемчилик кетирген кызматкерлерге көрүлгөн чараларга маалыматтар келээрки сессияда уктурулсун жана Эсептөө палатасына маалымат берилсин.
2.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин экономика, бюджет, инвестиция жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Таиповго/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |