Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 05-июну №13/2
Жерге-Тал айыл аймагынын «Тешик» участкасындагы БСРдин курулушуна тиешелүү 9,62 га жер аянтын которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын «Тешик» участкасындагы суралып жаткан жер аянтарынын №19 контурундагы таштак жайыттан 2,6 га, №22 контурундагы жайыт жерден 0,42 га, №24 контурундагы жайыт жерден 1,4 га, №49 контурундагы жар 0,9 га жана №51 контурундагы таштак жайыттан 4,3 га «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан, «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ы. Бакаев |