Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 96
Баткен шаарындагы №4 гимназия мектебин, “Баткен шаарындагы №4 жалпы орто билим берүүчү мектеби” деп кайра атоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтомунун 5-пунктун, 1-пунктчасына аткарууга алуу максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы №____сунуш катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жактан өнүгүү, илим, билим берүү, спорт, туризм, медицина, маданият жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-сентябрдагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарындагы №4 гимназия мектебин, “Баткен шаарындагы №4 жалпы орто билим берүүчү мектеби” деп кайра атоого макулдук берилсин.
2.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жактан өнүгүү, илим, билим берүү, спорт, туризм, медицина, маданият жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |