Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 97
Баткен шаарынын Кызыл-Бел аймагынын түштүк-батыш тарабындагы Таипов Авазбектин 1,10 га өлчөмүндөгү “Айыл чарба багытындагы жайыт жана кысыр аңыз жер аянтын “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргонуу жана башка багыттагы жерлер”, категориясына которууга (трансформациялоого)
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамына, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 13-сентябрь № 01-12/3608 катынын, Баткен райондук жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн корутундусуна жана Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Кызыл-Бел аймагынын түштүк-батыш тарабындагы Таипов Авазбектин 1,10 га өлчөмүндөгү “Айыл чарба багытындагы жайыт жана кысыр аңыз жер аянтын “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргонуу жана башка багыттагы жерлер”, категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Таипов Авазбектин тиешелүү жер аянтын которууга (трансформациялоого) керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |