Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 05-июну №13/3
2024-жылдын жыл башына каралган 1 575 200 (бир миллион беш жүз жетимиш беш миң эки жүз) сом акча каражатынын сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 79-беренеси жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексизсессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга карата жыл башына калган акча каражатынын сметасына өзгөртүү киргизилсин;
2. 3112 – статьясына каралган 1 575 200 (бир миллион беш жүз жетимиш беш миң эки жүз) сом акча каражаты атайын таш майдалоочу жабдыктарды сатып алуу үчүн өздүк салым катары бөлүнүп максаты өзгөргөндүгүнө байланыштуу төмөндөгү статьяларга ылайык жылдырылып берилсин;
Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма |
3112 | Мектептерге комфорка алууга (М.Иманалиев-75,0, Р.Усубалиев -75,0) | 150,0 |
2222 | Жарыктандыруу (Жаңы-Талап, Тогуз-Булак) | 130,0 |
2222 | Акылдуу электр эсептегичин алууга | 300,0 |
2222 | Административдик имараттарга өрт коопсуздугунун шаймандарын алууга | 80,0 |
2215 | Камсыздандырууга | 50,0 |
2215 | СОЮЗ МСУ | 30,0 |
2215 | Госрегистр, гипрозем | 368,3 |
2511 | Таза Жерге-Тал МИ ( яма беккари) | 466,9 |
Жалпы: | 1575,2 | |
3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | Ч. Ашымова |