ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын
2022-жылдын 10-марты № 2
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылда аткарыла турган иштерин карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылдын иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген иш планга негиз, ишти алып баруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жана туруктуу комиссиялардын төрагаларынажүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |
|
| Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) 2022-жылдын 10-мартындагыкезектен сырткары № 9- сессиясынын № 2 токтомуна Тиркеме |
|
|
|
| |
|
| “Бекитемин” Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин төрагасы К.Сатторов |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-аракеттери боюнча иш-планы
№ | Иштердин мазмууну | мөөнөтү | Ким тарабынан аткарылат |
1 | Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-чарбалык жылындагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга милдеттемелери, 2023-2024-2025социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө | 1-квартал 2022-жыл | Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы, Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
2 | Жаңы-Ноокат Айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планын бекитүү | 1-квартал 2022-жыл | Айылдык кенешинин жооптуу катчысы |
3 | Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы таза-суу ишканаларын аткарып жаткан иштери боюнча отчету жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө | 1-квартал 2022-жыл | Таза-суу ишканаларын жетекчилери жана Айылдык кеңештин туруктуукомиссиясы |
4 | Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө | 2-квартал 2022-жыл | Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы |
5 | Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2022-жылдын биринчи чейрегиндеги бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылдын жарым жылдыгына карата милдеттмелери боюнча маалыматтарын угуу | 2-квартал 2022-жыл | Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы |
6 | Айыл аймагындагы айылдардагы көрктөндүрүү, айлана чөйрөнү тазалоо, санитардык жана гигиеналык абалды жакшыртуу иштеринин жүргүзүлүшү, айылдын көчөлөрүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишенбиликтерди өткөрүү жөнүндө | 2-квартал 2022-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Айыл башчылары, Айылдык кеңешинин депутаттары, мектеп директорлору, №12, №13ҮДТжана “Жаны-Ноокат Тазалик" муниципалдык ишканасын жетекчиси |
7 | Аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, социалдык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарды угуу. Мамлекеттик жөлөк пул, пенсия, пособия жана соц. жардамдардын берилиши боюнча маалыматтарын угуу | 2-квартал 2022-жыл | Аксакалдар сотунун төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы жана соцкызматкер |
8 | Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарын угуу | 2-квартал 2022-жыл | Айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын төрагалары |
9 | Жаңы-Ноокатайыл аймагындагы РИИБ нин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн 2021-жылдагы алып барган иштери жана кылмыштуулуктун азыркы күндөгү абалы жөнундөгү маалыматын угуу | 2-квартал 2022-жыл | Аймактык милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчүлөрү |
10 | Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин 2022-2023-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка даярдыгынын абалы жөнүндө маалыматын угуу | 2-квартал 2022-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин директорлору, соц кызматкер жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы . |
11 | Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттмелери боюнча отчету | 3-квартал2022-жыл | Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы |
12 | Айыл аймагындагы элдин мал-чарбасын абалы тууралуу ветврачтын маалыматын угуу | 3-квартал 2022-жыл | Вет.адис жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы |
13 | Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2022-жылдын 9-айында аткарылышы жана 2022-жылдын 4-чейрегине карата милдеттмелери жөнүндө | 4-квартал 2022-жыл | Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы |
14 | Аскердик кызматка чакыруу, паспорт, жарандык актыларын катоо, миграция жана жумушсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды угуу | 4-квартал 2022-жыл | ВУС башчысы жана миграция жана жумушсуздук боюнча адис |
15 | Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу | 4-квартал 2022-жыл | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын башчылары |
16 | Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Гезарт” суу пайдалануучулар асоссациясынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтын угуу, суу агуучу канал, арыктардын абалы, түзүлгөн иш пландары жөнүндө | 4-квартал 2022-жыл | Гезарт СПА сынын Директору жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы |
17 | Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы калкка медициналык жактан кызмат көрсөтүү абалы боюнча № 12-№ 13 /ҮДТ нын клиникалык жетекчилеринин отчеттору | 4-квартал 2022-жыл | №12-13 /ҮДТ нын жетекчилери, соц кызматкер жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылга карата практикалык иш-чаралары
18 | Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерине практикалык жардам көрсөтүү | Жыл ичинде | Жаңы-Ноокат Айылдык кенешинин жооптуу катчысы |
19 | Жаңы-Ноокат айыл аймагында 23-февраль Мекенди коргоо, 8-март Эл аралык аялдар күнү, 21-март Эл аралык Нооруз майрамын, 9-май Женыш майрамын, 3-июль медицина кизметкерлерин кесиптик майрамын, 31-август Кыргыз Республикасын Эгемендүүлук күнү, 1-сентябрь билимдер майрамын жана кесиптик майрамдарды жогорку дэңгээлде өткөрүүнү уюштуруу | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
20 | “Сахаба” эс алуу сейил багынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, Эс алуучуларга шарт түзүп берүүнү уюштуруу | Апрель-сентябрь | Айыл өкмөтү |
21 | Айылга ички жана тышкы инвестициянын тартуунун көлөмүн көбөйтүүнү уюштуруу | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
22 | Кыргыз Республикасынын Президентин указдарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Президентин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун жана буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу | Ар алтыайда | Айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы | А.Худайназаров |