Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу № 7/2
“Табышкер” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 1-июлундагы №21 чыгыш катынын негизинде, “Табышкер” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги тарабынан 26.02.2018-ж берилген 5850 СЕ “Казып иштетүү максатында жер казынасына пайдалануу укугуна” Лицензия жана №4 “Лицензиалык келишим” негизинде “Үч-Коргон кенине” ээлик кылат. Жер участоктун ээси катары лицензияда көрсөтүлгөн мөөнөткө 2037-жылдын 26-февралына чейин жер участогун убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө.
“Табышкер” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 1-июлундагы №21 сандуу кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. “Табышкер” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 1-июлундагы №21 чыгыш катынын негизинде, “Табышкер” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги тарабынан 26.02.2018-ж берилген 5850 СЕ “Казып иштетүү максатында жер казынасына пайдалануу укугуна” Лицензия жана №4 “Лицензиалык келишим” негизинде “Үч-Коргон кенине” ээлик кылат. Жер участоктун ээси катары лицензияда көрсөтүлгөн мөөнөткө 2037-жылдын 26-февралына чейин жер участогун убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Пайдаланууга берилген жер аянттарында санитардык жана экологиялык эрежелерди сактоо менен төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөп туруу жагы эскертилсин.
3. Ижаралык акынын баасы жыл сайын инфляциянын өзгөрүлүшү менен кайрадан каралып турулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |