Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу № 7/3
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Манас-Ата орто мектебинин ички жер аянтынан окуу корпусун куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 19-июлундагы Чыг:№01-04/263 кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Манас-Ата орто мектебинин ички жер аянтынан окуу корпусун куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын толуктап, даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |