Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 05-июну №13/4
Айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициентин Кз белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин» 404-беренеси жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 03-июнундагы №02-21/114 сандуу катын карап жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексизсессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесине ылайык, айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент (Кз) 2,0 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |