Редакцияот 10.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын

2022-жылдын 10-марты № 3

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9-мартындагы № 87 сандуу катына негиз, Ош-Баткен-Исфана авто магистралынын Жаңы-Ноокат бөлүмүндөгү жолунун четтериндеги кызыл сызыка кирип калган терек жана башка дарактарды кесууга макулдук берүү жөнүндө

 

Ош-Баткен-Исфана авто магистралынын курулушун башталышына байланыштуу, авто магистралдын Жаңы-Ноокат бөлүмүндөгү жолунун четтериндеги кызыл сызыка кирип эгилип калган дарактарды кесип жол курулушуна шарт түзүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош-Баткен-Исфана авто магистралынын курулушун башталышына байланыштуу, авто магистралдын четтеринде эгилип калган терек жана башка дарактарды кессууга макулдук берилсин.

2. Ош-Баткен-Исфана авто магистралынын четтериндеги терек жана башка дарактарды кесип алуу үчүн керектелүүчү каражатар жергиликтүү калктын эсебинен сарпталсын.

3. Токтомдун аткарылышы жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын, аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы

К. Сатторов