Сравнение редакций…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын
2022-жылдын 10-марты № 4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги 1033-контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына, мектептин спорт аянтын куруу үчүн 0,15 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын тургундары тарабынан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына, мектептин спорт аянтын куруу үчүн 0,15 га жер аянтын ажыратып берүү тууралу айыл жаштары тарабынан көтөрүлгөн демилгени канааттандыруу максатында, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 76 сандуу катын үйрөнүп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги 1033-контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына мектептин спорт аянтын куруу үчүн, 0,15 га жер аянтын ажыратууга жана жерди трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык, ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча жана “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын
2022-жылдын 10-марты № 4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги 1033-контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына, мектептин спорт аянтын куруу үчүн 0,15 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
(Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын тургундары тарабынан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына, мектептин спорт аянтын куруу үчүн 0,15 га жер аянтын ажыратып берүү тууралу айыл жаштары тарабынан көтөрүлгөн демилгени канааттандыруу максатында, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 76 сандуу катын үйрөнүп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаңы-Ноокат” айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги 1033-контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына мектептин спорт аянтын куруу үчүн 0.15 га жер аянтын жана ушул 1033-контурундан 0.0217 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.