Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу № 7/7
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылында жайгашкан “Раяна-Боз” балдар бакчасына, балдар ойноочу чатыр куруу үчүн, смета планын түзүп, иш кагаздарын даярдоого макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылында жайгашкан “Раяна-Боз” балдар бакчасына, балдар ойноочу чатыр куруу үчүн, смета планын түзүп, иш кагаздарын даярдоого макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын толуктап, даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |