ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын
2022-жылдын 10-марты № 5
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу алыскы “Кайынды” жайыттынын жайгашкан жайыт жер эсебиндеги 49-50-51-52 контурунда жайгашкан жерден кичик гидроэлектро станция күрүүүчүн убактылуу жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
“Кыргыз Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алыскы “Кайынды” жайыттынан кичик гидроэлектро станция күрүү үчүн 2.0 га жер аянтын ажыратып берүү тууралу кайрылуусун, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 17-февралындагы № 1006 сандуу билдирүүсун карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык жактан өнүгүсүн камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн киреше булактарына кошумча акча каражатын түшүрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине жана 15- беренесинин 8-2 бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтому, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомуна Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алыскы “Кайынды” жайыттындагы 49-50-51-52 контурунда жайгашкан жайыт жерден, кичик гидроэлектро станция күрүү үчүн 0.75 га жер аянтын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) убактылуу ижарага берүү үчүн макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 0.75 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөп Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |