Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу № 7/9
Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу “Үч-Коргон” муниципалдык ишканасынын айлык маянасына кошумча каражат кошуу жөнүндө
“Үч-Коргон” муниципалдык ишканасынын 2024-жыл 23-июлундагы Чыг:№01/13
кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу “Үч-Коргон” муниципалдык ишканасынын бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө карап, аталган ишкана өзүн-өзү камсыздап, субсидиядан чыккандан кейин мыйзам чегинде эмгек акыларын көбөйтүүгө макулдук берилсин.
2. “Үч-Коргон” муниципалдык ишканасына жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында субсидия катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн акча каражатын толук төлөнүшүн көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.
3. “Үч-Коргон” муниципалдык ишканасы өзүн-өзү камсыздап, субсидиядан чыккандан кейин мыйзам чегинде эмгек акыларын көбөйтүү жоопкерчилиги ишкана жетекчиси Б.Бердибековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |