Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-сентябры № 8/2
“Ак-Тор Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 7-августындагы №12 чыгыш катынын негизинде, “Ак-Тор Компани” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш Ресурстары, энергетика жана техникалык көзөмөл министрлигинин 29.08.2024-ж берилген 7300 АР “Геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” Лицензия жана №3 “Лицензиалык келишим” негизинде 17.01.2027-жылга чейин айыл өкмөтүнүн “Чатырман-Чаувай” участогунан Геологиялык чалгындоо үчүн 534,8 га жер аянтын пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө.
“Ак-Тор Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 7-августундагы №12 сандуу кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. “Ак-Тор Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 7-августындагы №12 чыгыш катынын негизинде, “Ак-Тор Компани” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш Ресурстары, энергетика жана техникалык көзөмөл министрлигинин 29.08.2024-ж берилген 7300 АР “Геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” Лицензия жана №3 “Лицензиалык келишим” негизинде 17.01.2027-жылга чейин айыл өкмөтүнүн “Чатырман-Чаувай” участогунан Геологиялык чалгындоо үчүн 534,8 га жер аянтын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Пайдаланууга берилген жер аянттарында санитардык жана экологиялык эрежелерди сактоо менен төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөп туруу жагы эскертилсин.
3. Ижаралык акынын баасы жыл сайын инфляциянын өзгөрүлүшү менен кайрадан каралып турулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |