Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-сентябры № 8/3
Үч-Коргон айыл аймагынын Калтак айылында курулуп жаткан социалдык комплекске айыл өкмөтүнөн өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 11-сентябрындагы Чыг:№01-04/350 кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын Калтак айылында курулуп жаткан социалдык комплекске айыл өкмөтүнөн өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын толуктап, даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |