Редакцияот 10.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын

2022-жылдын 10-марты № 7

Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 14 сандуу сураныч каты жана 2022-жылдын 25-февралындагы № 2 сандуу каты негиз, Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2022-жылга карата бюджетинин бекитүү жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2021-чарбалык жылында жургузгөн ишмердүүлүгу боюнча отчетун угуп жана талкулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрацыясы жөнүндөгү» мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2021-чарбалык жылда жургузгөн чарбалык ишмердүүлүгу тууралу отчетун канааттандырарлык деп эсептелсин.

2. Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2022-чарбалык жылга карата бюджетин кирешелерин жана чыгашаларын 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом өлчөмундө бекитилсин жана жыл ичинде кирешелер, чыгашалар боюнча толуктоолор, өзгөртүлөр Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

3. Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин, жайыт акыларын өз убагында өндүүрү, мамлекеттык салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу ЖПБ нын жетекчысы М.Юсуповго милдеттендирилсин.

4. Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 14 сандуу сураныч каты негизинде, ЖПБ нын 2022-жылдагы кирешесин өздөрунө 100 % өлчөмундө кайтарылышына макулдук берилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы

К. Сатторов