Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-сентябры № 8/6
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотуна төлөнүүчү сый акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 11-сентябрындагы Чыг:№01-04/350 кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотуна төлөнүүчү сый акысынын өлчөмүн айына 7000 (жети миң) сом болуп, айыл өкмөтү тарабынан төлөөгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |