Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын

 

2024-жылынын 24-январы №14/9

 

 «Нарын –Суу” Суу пайдалануучулар ассосациясынын (СПА) карамагындагы РП-1, РП-2, МП-1, МП-2 каналдары Аксы райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө».

 

          Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтү М. Жапаров жана суу пайдалануучулар ассосациясынын (СПА) жетекчиси К. Шайымкуловдун кайрылуусу боюнча угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

ТОКТОМ    КЫЛАТ

 

  1. Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагын сугат суу камсыздаган “Нарын –Суу” (СПА) Суу Пайдалануучулар Ассосациясынын балансында турган РП-1, РП-2, МП-1, МП-2 каналдары мамлекеттик менчикке өткөрүлүп, ыкчам башкаруу жагы Аксы суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берилсин.

 

  1. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жапаровго жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:

Таштанбай уулу Манас