Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын

 

2024-жылынын 24-январы №14/10

 

 « Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, комдук ишмер маркум Ш.Назаралиевдин ысымын борбордук көчөлөрдүн бирине ыйгаруу жөнүндө».

 

          Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жапаровдун 23.11.2023-жылдындагы № 01-18/374 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

          1. Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагын аралап өтүүчү райондук маанидеги автотрассасынын борбордук бөлүгү, тактап айтканда А. Карабалаев көчөсүнөн М.Сыдыков көчөсүнө чейинки аралыкка Шадыбек Назаралиевдин ысымы ыйгарылсын .

 

          2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.

 

           3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

Төрага:

Таштанбай уулу Манас