Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-сентябры № 8/9
Саманчиев Мурзали Толубаевич Тактек участкасындагы 0,50 га жер аянтына тоок ферма курууга өнөр жай багытына трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 26-августундагы Чыг:№01-12/238 кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын корутундууларынын негизинде Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Саманчиев Мурзали Толубаевич Тактек участкасынан №819-820-контурунда жайгашкан 0,50 га жер аянты тоок ферма курууга “Айыл чарба жерлери” категориясынын жайыт түрүнөн өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери” категориясына которууга, трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |