Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-сентябры № 8/10
Кутмаматов Өмүрбек Курсанбековичке Боз участкасында жайгашкан айыл чарба багытында эмес жерлер категориясында турган 1,50 га жер аянтын мурдагы (Кызыл-Кийское шахтауправление), айыл чарба багыты жерлер категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 5-сентябрындагы Чыг:№01-04/357 сандуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын корутундууларынын негизинде Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кутмаматов Өмүрбек Курсанбековичке Боз участкасында жайгашкан айыл чарба багытында эмес жерлер категориясында турган 1,50 га жер аянтын мурдагы (Кызыл-Кийское шахтауправление), айыл чарба багыты жерлер категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |