Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-сентябры № 8/11
Жеке ишкер Курбанова Таттыбюбю Турсунбаевнага Тактек участкасында жайгашкан “Мончу” топурак карьеринин астындагы бош жаткан 3,2 га жана дөңсөө жерден 1,2 жер аянттарын жалпысы 4,4 га жер аянтын, убактылуу кыш мезгилинде жылгаяк тебүүчү эс алуу зонасы катары иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 14-августундагы Чыг:№01-12/220 сандуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Тактек участкасындагы “Мончу” топурак карьеринин астындагы бош жаткан 3,2 га жана дөңсөө жерден 1,2 жер аянттарын жалпысы 4,4 га жер аянтын, жеке ишкерге убактылуу кыш мезгилинде 3 (үч) айга жылгаяк тебүүчү эс алуу зонасы катары иштетүүгө ижара келишимдин негизинде 5 (беш) жылдык мөөнөткө берүүгө макулдук берилсин.
2. Жеке ишкер Курбанова Таттыбюбю Турсунбаевнага коопсуздук маселеси жана жер аянтын тазалап жарактуу абалга келтирүү жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |