Редакцияот 10.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын

2022-жылдын 10-марты № 9

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы РИИБ нин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн 2021-жылдагы алып барган иштери жана кылмыштуулуктун азыркы күндөгү абалы жөнүндөгү маалыматы

             

Күн тартибиндеги Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы РИИБ нин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн 2021-жылдагы алып барган иштери жана кылмыштуулуктун абалы боюнча маалыматын угуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрацыясы жөнүндөгү" мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы РИИБ нин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн 2021-жылдагы алып барган иштери жана кылмыштуулуктун абалы боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун, ар түрдүү мыйзамсыз арекеттердин алдын алуу, айыл аймагында ынтымактуулукту сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин өз убагында жүргүзүү жагы РИИБ нин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы

К. Сатторов