Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 10 - сессиясынын
2022-жылдын 30-апрели № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы № 16 сандуу каттын негизинде, Кызыл-Тейит айылынын тургундары Нишанбаев Мирзабектын жеке менчигиндеги 0.48 га жер аянттын, Мамасалы кызы Алтынайдын жеке менчигиндеги 0.36 га жер аянттын, Абдиваситов Абдирайимжондин жеке менчигиндеги 0.45 га жер аянттын жана Конурбаев Мулалинын жеке менчигиндеги 0.36 га жер аянттын багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы №16 сандуу катында, Кызыл-Тейит айылындагы эски торпокананын курулуштарынын ордундагы жеке менчигдеги жер аянттарын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени үйрөнүп чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги чогулушунун протоколу негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Тейит айылында жайгашкан эски торпокананын курулуштарынын ордундагы, Кызыл-Тейит айылынын тургундары Нишанбаев Мирзабектын жеке менчигиндеги 0.48 га жер аянттын, Мамасалы кызы Алтынайдын жеке менчигиндеги 0.36 га жер аянттын, Абдиваситов Абдирайимжондин жеке менчигиндеги 0.45 га жер аянттын жана Конурбаев Мулалинын жеке менчигиндеги 0.36 га жер аянттын багытын, турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арыздары канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |