Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры № 62
Ак-Сай айыл өкмөтүнө кошулган Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылын жана Баткен шаарынын Миң-Булак участкасын Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик аймагына кошулуусуна макулдук берүү жана административдик борбор Ак-Сай айылы деп бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарды жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү” жарлыгы боюнча Самаркандек айылдык кеңешинин жана Баткен шаардык кеңешинин чечимин карап чыгып Ак-Сай айылдык кеңеши жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде, Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнө кошулган Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылын жана Баткен шаарынын Миң-Булак участкасын Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик аймагына кошулуусуна макулдук берүү жана административдик борбор Ак-Сай айылы деп белгиленсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнө кошулган Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылы жана Баткен шаарынын Миң-Булак участкасынын чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
3. Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү иш кагазадарын белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү айыл өкмөт башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
Айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Халматов |