Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры № 63
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мизам уулу Бактыярдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында, бир канча талкуулардын жыйынтыгынын негизинде, Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлеринин пайдалануу үчүн жер салыгы жана бирдиктүү салык республикалык бюджетинен төлөнүп жаткандыгына байланыштуу жер салыгы үчүн Республикалык бюджеттен келип түшкөн 10000(он миң) сом 2215 түрлүү кызматтар статьясына кошулуп көбөйтүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикалык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Абдразаковко жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Халматов |