Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 10 - сессиясынын
2022-жылдын 30-апрели № 4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 09-мартындагы билдирүүсүнө жана Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасын 2022-жылдын 21-аперелиндеги № 01-8/5-05-06/105 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, азыркы күндө айыл чарба багытында эмес жер эсебиндеги “Сахаба”эс алуу сейил багынын картографиялык материалдарга ылайык 1008-контурдун курулуш ордунун 0,10 га жер аянты, Жандама айылынын тургуну Маматкаримов Алижонге убактылуу ижара келишими негизинде жеңил типдеги чакан футбол аянтчасын курууго макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрацыясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-главасынын,18-беренесинин, 21-пунктуна таянып, Жандама айылынын жаштарын колдоо жана ден-соолукту чыңдоо, жаштарга шарт түзүү максатында: “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүрүү,жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер жана башкалар боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Сахаба” эс алуу сейил багынын аймагында жайгашкан, азыркы күндө айыл чарба багытында эмес жер эсебиндеги картографиялык материалдарга ылайык 1008-контурдун курулуш ордунун 0,10 га жер аянты Жандама айылынын тургуну Маматкаримов Алижонге убактылуу ижара келишими негизинде жеңил типдеги чакан футбол аянтчасын куруу үчүн уруксат берилсин.
2. Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, архитектуралык план долбоорлорун жана тийиштүү иш-кагаздарды мыйзам чегинде, аталган жер аянтына алуужана келишим негизинде төлөнүчүү бардык мамлекеттик төлөмдөрдү өз убагында төлөп баруу жагы А.Маматкаримовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка мыйзамдарына ылайык, аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча жана “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |