Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 10 - сессиясынын
2022-жылдын 30-апрели № 5
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы № 16 сандуу каттынын негизинде, Жаңы-Ноокат айылынын тургундары Тоштемиров Абдулхайдын жеке менчигиндеги 0.07 га жер аянтын, Насруллаев Хадятиллонун жеке менчигиндеги 990.0 чарчы метр жер аянттын жана Халбаев Мамыржандын жеке менчигиндеги 0.22 га жер аянттын багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы №16 сандуу катында, Жаңы-Ноокат айылынын тургундарынын жеке менчигдеги жер аянттарынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени үйрөнүп чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги чогулушунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негизжана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын5-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жаны-Ноокат айылында жайгашкан эски торпокананын курулуштарынын ордундагы, Жаңы-Ноокат айылынын тургундары Тоштемиров Абдулхайдын жеке менчигиндеги 0.07 га жер аянтын, Насруллаев Хадятиллонун жеке менчигиндеги 990.0 чарчы метр жер аянттын жана Халбаев Мамыржандын жеке менчигиндеги 0.22 га жер аянттын багытын турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арыздары канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана башка жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |