Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 10 - сессиясынын
2022-жылдын 30-апрели № 7
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы № 17 сандуу катынын негизинде, “Гезарт” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2022-жылга суу пайдалануучулардын жаны тарифин бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы №17 сандуу катында, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүнө караштуу “Гезарт” суу пайдалануучулар ассоциациясынын, 2022-жылга суу пайдалануучулардын жаңы тарифин бекитип берүү жөнүндөгү маселени үйрөнүп чыгып жана талкуулап , Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги чогулушунун протоколу негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүнө караштуу “Гезарт” суу пайдалануучулар ассоциациясынын, 2022-жылга суу пайдалануучулардын жаны тарифин ар бир сотик сугат жерге 12 (өн эки) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүнө караштуу “Гезарт” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчилигине:
а) Бюджетин аткарылыш учурунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген насыялардын, кайтарлышын камсыз кылуу боюнча иш-чаралар иштеп чыгуу милдеттендирилсин.
б) Жазгы талаа иштерин алып баруу мезгилинде, эгин-тегиндерди сугат суу менен узгултуксуз турдө камсыз кылуу боюнча иш-чаралар алып баруу жагы милдеттендирилсин.
в) Сугат суу пайдалануучулардан топтолгон акча каражат эсебин, Кыргыз Республикасынын Бюджет жана Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык алып баруу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |