ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 69
Орозбеков муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөр боюнча тарифин кайра кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Орзбеков муниципалдык ишканасынын бухгалтери Т. Матысаковдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймагында турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана утилдештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи 1(бир айга) бир кожолукка 100(жүз) сом болуп белгиленсин.
- Коммерциялык багыттагы чакан бизнес ээлерине айына турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана утилдештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи 250(эки жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Айылдарда элге таштанды ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү акыны өз убагында берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларага тапшырылсын.
- Айыл аймакта боюнча турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана утилдештирүү боюнча график түзүү жана график менен өз убагында иш алып баруу жагы Орозбеков муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо,спорт жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.