Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 4/3
Мундуз айылынын тургуну Мамасыдыков Ашымканга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 4- сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мундуз айылынын тургуну Мамасыдыков Ашымканга Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу Атуул” наамын даярдап, салтанаттуу түрдө тапшыруу жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев. |