Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I–СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27 ноябрь айы №5
Балыкчы шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын
төрагаларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана шаардык Кеңештин Регламентинин 7 бөлүгүнө ылайык, туруктуу комиссиялардын сунуштарын угуп талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы –Давлетов Турдакун Бакирович;
2. Социалдык, өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, мандат депутаттык этика, регламент маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы-Каныметова Гулира Кыялмановна;
3. Муниципалдык менчик, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр жай, транспорт жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы –Кулова Майрам Эсенбаевна;
4. Агрардык саясат, жайыт жана экология маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы- Мамытбаев Келдибеков Аскарбекович ;
5. Жаштар саясаты, спорт жана туризм маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы – Жылкычиев Мирбек Маралбекович бекитилсин.
6. Балыкчы шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-июнь айындагы №3 “Балыкчы шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндө
7. ” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
9. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Сессияда төрагалык
кылуучу, шаардык
кеңештин депутаты Т. Давлетов